Казак жараны атасын Ош шаарынан тапты

   Мезгил

Социалдык тармактан  казак кызы баласынын атасы мурунку жолдошу 1978-жылы туулган  Канат аттуу кыргыз жаранын издеп жатканын  айткан. Ал 20 жашка чыккан баласы жакында эле атасы тууралуу билгендигин айтып, ошо күндөн тартып атасын издеп баштайт.

“1998-жылы Канат өзүнүн агалары менен Алматыда сатуучу болуп иштечү, мен да ошол убакта эжелерим менен базарда иштеп жүрүп экөөбүз баш коштук. Канат менин үй бүлөмө жакшы күйө бала болчу.  Уулду болдук, атын жолдошум койду.  Балабызга 10 ай болгондо өзүнүн туулуп өскөн айылына барып келем деп ошол бойдон кайрылып келген жок. Сыягы ата энеси жибербей койду окшойт”-дейт казак кызы.

Балам эс тартып калганда атаң өлүп калган деп койгом. Бир күнү балдар менен урушуп кеткен экен ошондо балдар ага “сенин атаң кыргыз сени таштап кеткен”- деп айтышыптыр. “Канаттын сүрөтүн көрсөттүм ошондон кийин эле атасы менен таанышкысы келип баштады”-дейт ал.

Бул маалымат чыккан соң укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан   Канат Ош шаарынан табылды. 

Канат ата-энеси улгайып калган адамдар экендигин жана алар анын  мурунку аялы жана баласы туурасында билишпей тургандыгын айткан.   Мунун менен бирге казакстандагы жубайы  менен баласы жазында Ошко келебиз деп сөз беришкенин кошумчалады.   

 Ал эми жубайы атасы менен баласы азыр телефон аркылуу сүйлөшө алышаарын айткан.  Ал учурда  үй бүлөөлү экинчи турмушунан бир кызды тарбиялап жатышат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *