Казак жараны Кыргызстандан вируска каршы дары-дармектерди алып чыгууга аракет кылган

Мезгил

Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз дары-дармектерди экспорттоого аракет кылган казак жараны кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Чалдовар-автожол» өткөрүү пунктунда кармалган «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа Казакстандын жаранынын көзөмөлүндө болгон.

Текшерүү маалында, унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн алма салынган кутучалардын алдынан вируска каршы дары-дармектер салынган кутучалар табылган. Жалпысынан тиешелүү коштоочу документтери жок 520 кап эуфиллин жана 460 кап левомак алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

Учурда тергөө уланууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *