Казакстан: 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

 Мезгил

Казакстанда 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды.

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

 Маалым болгондой, алар карантин мекемелеринде иштеген.   Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин ар бирине эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп жатабыз. Коронавирусту жуктуруп алганынын себеби такталат”, – дейт министр.

 Казакстанда коронавируска каршы кызмат көрсөткөн  дарыгерлер бул ооруну жуктуруп ала турган болсо, 2 миллион теңге алышат. Ал эми дарыгер эгер бул илдеттен  көз жумса анда  10 миллион теңге төлөнүп берилет.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда коронавирус жуктурп алгандардын саны 453кө жетти.  Алардын арасында 29 айыгып чыкса, 3 адам каза болду.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *