Казакстан биздин мунайзат аткезчилерин тыям дейт

 

Мезгил

Казакстан Кыргызстандын мунайзатты реэкспорттоосуна чара көрөрүн билдирди. Алардын пикиринде биздин өлкө официалдуу түрдө мунай затын Тажикстанга, ал аркылуу Афганистанга экспортоп жаткан жок. Бирок бул жашыруун түрдө, мыйзамсыз, аткезчилик жол менен жүрүп жаткандыгы тууралуу алар кабардар экен. Бул ишке кескин чара колдонуу тууралуу биздин укук коргоо кызматтары менен да иш жүргүзүп жатышыптыр.

Кыргызстан ЕАЭБке кирген өлкө болгондуктан казак мунайы бизге пошлинасыз жиберилет. Эгерде ал үчүнчү мамлекетке аткезчилик жолу менен жибериле турган болсо, биздин жалпы бюджетибиз мунайдын 1 тоннасын сатуудан 60 доллардын тегерегинде зыян тартат.

Казакстан мунай аткезчилигине кийлигише турган болсо Тажикстанга  мунайзатын жашыруун ташыгандардын эки буту бир кончко тыгылганы калды окшойт. Бул аракеттер кыргыз бийлиги тажиктер менен чечише албай келе жаткан чек ара маселесине оң таасирин тийгизет деп үмүт кылалы. Казак тараптын “Силерге мунай керек болсо каалашыңарча ала бергиле. Биз кимдир бирөөлөргө спонсор болушту калабайбыз” дегени көнүл жылытты.

  Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *