Казакстан: Карантин чаралары жеңилдейт

   Мезгил

Казакстанда вирус жуктургандардын саны азайгандыктан  карантин чараларын жумшартыла  баштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, бүгүнтөн тарта борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт.

Алар —  тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансылык мекемелер.

Анткен менен бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу сыяктуу санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү.

Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *