Казакстан: Карантин учурунда 1,8 миллион адамга акчалай жардам берилди

 Мезгил

Казакстанда карантин учурунда кирешесинен ажырагандарга төлөнө турган 42 500 теңге (100 доллар) көлөмүндөгү каржылай жардам  берилди. Бул тууралуу  Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги  билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-июлга карата 2,2 миллион киши жардам алуу өтүнүчү менен арыз жазган. Анын ичинен 1,9 миллионуна жардам берүү чечими чыгып, 1 миллион 820 миңине акча которулган.

Буга чейин казак өкмөтү карантин чаралары кайра күчөтүлгөндөн кийин кирешесиз калган адамдарга жардам берилерин кабарлаган. Аны жумушчулар, жеке ишкерлер, өзүн-өзү иш менен камсыздагандар, фрилансерлер ала алат.

Жардам алуучулардын тизмесине пенсия же жөлөкпул, анын ичинде даректүү социалдык жардам алып жүргөндөр киргизилген жок. Арыз 1-сентябрга чейин кабыл алынат.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *