Казакстан: Өзгөчө абал режими апрель айынын аягына чейин узартылды

   Мезгил

 Казакстанда өзгөчө абал режими апрель айынын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдиргенин « “Нур.kz» басылмасы жазды.

«15-апрелде өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгымдын мөөнөтү бүтөт. Азыр эле өзгөчө абал режимин эң аз апрелдин аягына чейин узартуу керектиги белгилүү болуп калды. Эпидемия боюнча абалды жөнөкөйлөтүү мүмкүн эмес, буга байланыштуу борбор шаардагы, Алматы жана Шымкенттеги жана тиешелүү облустардагы карантин режимин узартууну тапшырам. Биз коронавирус жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчүнө жете элекпиз. Жашоочулар эшикке чыгып, мурункудай жашоого кайткысы келгенин түшүнүп турам. Бирок карантинди сактап, обочолонуудан башка айла жок. Бул ата мекендик жана эл аралык адистердин сунушу», – деди Токаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *