Казакстанда 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бирөө оор абалда

   Мезгил

Казакстанда 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Маалыматка ылайык, алардын бири оор абалда.

 Башкы санитардык врач Айжан Есмагамбетованын айтымында 67 дарыгер коронавирус жуктурган адамдар менен ошондой эле алар менен байланышта болгон  жарандар менен иш алып барышкан. Алардын бири оор абалда. Ал эми тогузунун абала орточо оор деп бааланууда.  Калган 57 медицина кызматкеринде  коронавирус инфекциясы эч кандай белгисиз жеңил турдө өтүүдө.  

 Белгилей кетсек, Казакстанда учурда коронавирус жуктургандардын саны  670 адамга жетти.   

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *