Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

   Мезгил

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон өлкө жарандарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул туралуу жергиликтүү басылмалар жазды. 

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз», — деди президент.

  Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *