82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү журналист кызга үйлөндү. Алар балалуу болууну үмүттөнүшүүдө

    Мезгил

 Казакстанда 82 жаштагы эл артисти Нургали Жусупжанов  өзүнөн 45 жаш кичүү Жадыра Сейдеш аттуу  журналист кызга үйлөндү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, эл артистинин үйлөнүү тоюу тойканалардын  биринде өткөн.

Нургали Жусупжанов Казакстандын эл артисти, мамлекеттик сыйлыктын лауераты, “Парасат” жана “Курмет” орденинин ээси.

Журналист кыз Жадыра Сейдеш тоюнда сөз сүйлөп жатып, жакшы адамдардын артында туяк калышы керектигин айтып, балалуу болуу үмүтү бар экенин айткан.

“Мен сиздин таза жүрөгүңүздү бааладым. Ар дайым ден соолукта болуңуз, мен дагы саламаттыгыңыз үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Сиздин курагыңызда балалуу болуунун эмнеси жаман экен? Жакшы адамдын артында туяк калышы керек. Келечекте үй-бүлөбүздө наристе пайда болот деп үмүттөнөм”, — деген ал.

 Жадыра Сейдештин  казакстандагы КТК каналында көрсөтүлгөн  “Жүрекжарды” аттуу автордук программасы бар. Кызыгы Нургали Жусупжанов мындан беш жыл мурун дал ушул көрсөтүдө азыркы жубайы Жадыра Сейдешке интервью берген.

Нургали Жусупжановдун биринчи аялынан беш кызы бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *