Казакстанда ири медициналык компаниянын башкы директору коронавирустан каза болду

    Мезгил

Казакстанда ири медициналык компаниянын башкы директору коронавирустан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, Казакстанда коронавирустан “Абдил Ибрахим Глобал Фарм” компаниясынын башкы директору Зиятхан Гасанов каза болду.

 Ал алгачкылардан болуп Казакстанда медицина кызматкерлерине коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөткөн. Өкүнүчкө карай, ал коопту илдеттин курманы болду. Зиятхан Гасанов өз ишинин чебери жана  фармацевтика тармагына чоң салым кошкон. Ал өзү ооруп калганына карабастан  көңүл кош карап турбай  казак элине COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө жардам көрсөткөн.

 Эске салсак, кечээ Казакстанда коронавирустан эки жаран каза болгон. Алар Алматы шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *