Казакстандагы окуу жайларда «Назарбаев таануу» деген жаңы предмет киргизилиши  мүмкүн

 Мезгил

   Казакстандагы окуу жайларда «Назарбаев таануу» деген жаңы предмет пайда  киргизилиши  мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» облустук гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Шымкент университетинин профессору, экономика илимдеринин кандидаты Нурали Уткелбаевдин бул сабак боюнча жаңы окуу китебин иштеп чыгуу сунушу өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылды.

Профессордун айтымында, учурда Нурсултан Назарбаевдин эмгектери — сүйлөгөн сөздөрү, баяндамалары, элге кайрылуулары, интервьюлары, илимий-социологиялык макалалары жана түрдүү темалар боюнча жазган китептери 101 томду түзөт.

Шымкенттик окумуштуу кийинки кадам катары жогорку квалификациядагы авторлордун жамааты тарабынан китеп же окуу куралы жазылышы зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, бул жооптуу илимий-педагогикалык иштин башында өлкөнүн Билим берүү министрлиги турушу керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *