Казакстандан Кыргызстанга күн сайын 100 тонна май агып келип турган жер алдындагы түтүк табылды

 

Мезгил

Кыргызстандын коңшу Казакстан менен чектешкен жеринде жайгашкан Кең-Булуң айылында күйүүчү май агып келчү, жерге көмүлгөн түтүк табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой,  Кең-булуң айылында казылган 3 чакырымдык түтүк табылган. Ал аркылуу кылмыштуу топ коңшу Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды өткөрүп турушкан.

Алдын ала маалыматка ылайык,  бул магистралдан күнүгө 100 тонна май жөнөтүлчү. Контрабандалык ишмердүүлүктүн уюштуруучулары жана катышуучулары аныкталууда.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *