Казакстандан мыйзамсыз күйүүчү майды өткөргөн түтүк жок кылынды

   Мезгил

  Казакстандан мыйзамсыз күйүүчү майды өткөргөн түтүк жок кылынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, атайын техниканын жардамы менен 3 чакырымдык түтүк жарактан чыгарылды.

Аткезчилик менен иштегендердин каналы 24-октябрда чек арага жакын жердеги Кең-Булуң айылынан табылган.

Ошондой эле ал жерде агып келген күйүүчү майды тосуп алып топтоочу жана аны куйган идиштерди сактоочу жай болгон. Мындай жол менен күнүнө Казакстандан Кыргызстанга 100 тонна бензин мыйзамсыз кирип турган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *