Казакстандын абагында жазасын өтөп жаткан Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди

 

Мезгил

Алматы соту тарабынан аткезчилик үчүн соттолгон мурунку депутат Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди.  Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстанда камакка алынган 3 кыргызстандык Асылбек Дамирбек уулу жана дагы экөө  эл аралык келишимге ылайык мындан ары Кыргызстанда жазасын өтөмөй болушту.

Эске салсак,  мурдагы депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *