Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

  Мезгил

Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга  мамлекеттик визит менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын президентин  президент  Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *