Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Бишкекке качан келээри белгилүү болду

   Мезгил

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстандын  парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев  Кыргызстанга ноябрь айында келээри белгилүү болду.

Белгилей кетсек, учурда Нур-Султан шаарында   Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму өтүүдө.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *