Казакстандын желегинин үлгүсү түшүрүлгөн даараткана жабдыктары талкуу жаратты (фото)

Мезгил

 Дүйнөгө белгилүү ири Amazon компаниясы жаңы товорларды сатууга чыгарды. Анын катарында Казакстандын желегинин үлгүсү түшүрүлгөн дааратканга жабдыктары да бар.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык бул тууралуу онлайн сатууга чыккан өзгөчө товар тууралуу интернет колодонуучу жазды.

 Анда ал Казакстандын мамлекеттик желеги даараткана жабдыгына  жана бут сүрүүчү катары колдонууга сунушталып жатканын айтып кыжыры келген.

Казакстандыктардын ачуусун келтирген товардын баасы 17 доллар же, 7 миң теңгени түзөт.

  Желектин үлгүсү  бир гана дараткана заттарына эмес, кол сүртүүчү нымдуу майлык, ванна сүлгүсүнө да түшүрүлгөн.    

Белгилей кетсек, Казакстанда мамлекеттик желекти сыйлабагандарга жана аны мазактагандарга карата кылмыш жазасы каралган.

Интернет колдонуучу бийликти аталган компанияга карата чара көрүүгө чакырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *