Келдибеков: Мындан трагедия жасоонун кереги жок…

Мезгил

Кайсыл партиянын туруктуу шайлоочулары болсо анда ошол саясий уюм шайлоодон жеңип чыгат. Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков “Азаттык” үналгысына маек берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасынын айтымында мыйзамда көрсөтүлгөн 9 пайыздык чектен трагедия  жасоонун  кереги жок. Кайсыл партиянын туруктуу шайлоочулары болсо анда ошол саясий уюм шайлоодон жеңип чыгып парламентке келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

-Ал биздин күчүбүз эл үчүн иштегенибизде. Буга эл өз баасын берип келе жатат. Ал эми “Ата Журт” партиясын жасалма жол менен талкалаш үчүн Атамбаевдин убагында 16 депутатыбызга жасалма кылмыш ишин козгошкон. Ошондой эле “Ата Журт” партиясын кандай жасалма жол менен талкалашканын Өмүрбек Чиркешович да массалык маалымат каражаттарына маек берип жатып ачык айтты-деди Ахматбек Келдибеков.

 Эске салсак, «Ата-Журт» партиясы 2010-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көпчүлүк элдин колдоосу менен 28 мандатка ээ болуп, биринчи орунду алган.

Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *