КЕЛЕЧЕК ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН ИШ ҮСТӨЛҮНДӨ КОНСТИТУЦИЯДАЙ, КУРАНДАЙ ДАЙЫМА ТУРУУЧУ КИТЕП…”

Мезгил

Редакциябызга күтүлбөгөн жерден айтылуу академик Аскар Какеевдин көлөмдүү бир кол жазмасы келип түштү. Атактуу философ агабыз эмне жөнүндө жазды экен деп кызыгып, окуп көрсөк, Сулайман Кайыповдун 2011-жылы “Бийиктик” басмасынан жарык көргөн “Жок жерден жомок жаралбайт” аттуу китеби жөнүндө өзгөчө стиль менен жазылган пикир экен. Азыр акылдуулар акмактардан сын угуп, жакшылар наадандарга тебеленип жаткан заманда, бул макаланы академик агабыздын калеминен кандай чыкса, ошондой бойдон, кашы-көзүн түзөбөй туруп, окурмандарга сунуш кылууну туура көрдүк.

Так ушундай ат менен чыккан Сулайман Кайыповдун жаңы чыгармасын акыркы жылдары өлкөбүздө жарык көргөн, илим-билим чөйрөсүнүн белгилүү өкүлдөрү тарабынан жазылган, эң мыкты эки китептин бири деп, эч бир тартынбай айтаар элем. Эки китептин бирөөн “бир көйнөк мурда жырткан” улуусу Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аблабек Асанканов жазган. Китеп орус тилинде “Кыргызы Синцзяна” (КНР), -Б.: Бийиктик, 2010-жылы чыккан. А. Асанкановдун аталган китеби жөнүндөгү эң жакшы пикиримди Улуттук академиянын өткөн жылдагы жалпы чогулушунда билдиргем. Аталган эмгек азыркы мезгилде эң бир актуалдуу мүнөзгө айланган тышта, башка мамлекеттерде жашап жаткан боордошторубуздун, кандаштарыбыздын өздөрүн кыргызбыз деп, маданиятын, болгондо да руханиятын сактап келе жатышынын өзгөчөлүктөрүн илимий изилдөө иши өзгөчө артыкчылыкка ээ боло баштады.

Жогоруда айтылгандай эң мыкты эки китептин бирөөн (экинчи деп айтууга оозум барбайт) бир тууган иниси Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мурдагы ректору, белгилүү окумуштуу, профессор С. Кайыпов жазган. Китеп “Жок жерден жомок жаралбайт”, -Б.: “Бийиктик”, 2011-жылы чыккан.

С.Кайыповдун аталган эмгеги дагы тышта, башка мамлекеттерде жашап жаткан кыргыздардын, атап айтканда бир тууган Түркия Республикасынын Ван областында жашап жаткан кандаштарыбыздын, боордошторубуздун руханиятынын, анын ичинде кыргыз оозеки адабиятынын кайталангыс үлгүлөрүн жыйнап, талдап, изилдеп, элибиздин генетикалык, социалдык, тарыхый эстутумунун түпкүрүндө сакталып келген баа жеткис асыл ойлорду кайрадан жандантып, бүгүнкү күндө элибизге руханий таяныч, өбөк болордугун айныкcыз далилдеген улуу эмгек. Апыртпай айтканда китептеги ойлор Сулайман Кайыповдун улуу табылгасы.

Айткан ойубуздун акыйкаттуулугун далилдөө үчүн аталган эмгекти талдоого өтөлү. Ойубуз чар жайыт болбос үчүн китептин автору өзү чыгармасына берген жанрдын нугунда талдоо жүргүзсөк көздөгөн максатыбызга ылайык болгудай. Автор чыгармасын илимий-популярдуу жана көркөм-публицистикалык ой-толгоо деп аныктаган. Эмесе аталган багыттарда биз дагы ой-толгоого киришели.

Биринчи кезекте илимий-популярдык маселелерге кайрылалы. Кыргыз элинин акыл-ой байлыктары башка элдердики сыяктуу эле алгачкы мезгилдерде оозеки түрүндө жашап келгени белгилүү. Акыл-ой байлыктарыбыз эпостордо, жөө жомоктордо, салт ырларында, кошоктордо, макал-ылакаптарда, жаңылмачтарда, табышмактарда ж.б. сакталып, муундан-муунга өтүп келген. Элдик оозеки чыгармаларды ташка, кагазга түшүрүү эчактан бери эле келе жатат. Мисалы, Барсбектин таш эстелигинде чегилген сөздөр, Махмуд Кашкардын сөздүгүндөгү акыл-ой берметтери.

Жыйырманчы кылымда 1917-жылкы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Совет өлкөсүндө кыргыздын оозеки чыгармаларын жыйноодо, изилдөөдө зор иштер жүргүзүлгөн. Акыйкаттык үчүн совет мезгилинде жүргүзүлгөн иштерди айта жүрүү өз милдетим деп эсептейм. Дал ошол совет жылдары улуу эпосубуз “Манас” жана кенже эпосторубуз, жомокторубуз, макал-ылакаптарыбыз жарык көргөн.

1919-жылы 4-январда Жетисуу областынын Улуттук иштер боюнча бөлүмүнүн отурумунда элдик поэзиянын чыгармаларын жаздыруу, кагазга түшүрүү боюнча акындарды чогултуу жөнүндөгү токтому бул ойубузга далил боло алат (караңыз: Культурное строительство в Киргизии 1918-1929. Сборник документов и материалов. Т.1, Фрунзе, 1957 г. с. 251). Албетте, ал кездеги бийлик толук бойдон элдик оозеки чыгармаларды чогултууга камкөрүүнү көздөгөн десек бир жактуу жыйынтыкка келебиз. Неге десеңиз, коммунисттик бийлик деле өз кызыкчылыгын көздөгөн, буга мисал иретинде жогоруда аталган токтомдогу сөздөрдөн, мазмунун бурмалабас үчүн түп нускада кандай болсо, ошол бойдон берейин: “Акыны в простой, доступной народу форме – форме простых песен, рассказов, хвалебных песен и пр. могут сообщить народу идеи социальной жизни вообще и программу партии большевиков-коммунистов в частности” (ошол эле бетте). Демек, совет бийлиги оозеки адабияттын үлгүлөрүн жыйнаганда да, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндө да өз кызыкчылыктарын көздөгөн. Ошондуктан ошол кезде өзгөчө маанилүү деп эсептелинген партиялуулук, таптык талаптар кыйшайуусуз сакталган. Дал ушул талаптардын негизинде элдик эпостор, ырлар, жомоктор чогултулган жана изилденген. Мындай совет мезгилинде чыккан чоң илимий эмгектердин бири, Сулайман Кайыпов 1975-1992-жылдары кол жазмалар бөлүмүндө илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеп кеткен Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда, азыркы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту даярдаган “Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки”, Фрунзе, “Илим” басмасы, 1973-ж. 

Дал ушул эмгекте филология илимдеринин кандидаты С.Байходжоевдин “Кыргыз элинин жомоктору” (караңыз: 245-284). Бул эмгек жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде жазылгандыктан, Сулайман Кайыпов көтөргөн ойлор албетте жок. Аларга төмөндө атайын токтолобуз.

Кыргыздын эгемендүүлүккө жеткен жылдардын ичинде жетишкен ийгиликтердин туу чокусу менимче, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору, “Мээрим” эл аралык кайрымдуулук фондусу чыгарган “Эл адабияты” сериясынын 30 томдугу болду. Ал томдор академик А. Акаматалиевдин жалпы редакциясы менен чыккан. “Эл адабияты” сериясынын биринчи томуна Ч. Айтматовдун “Мурас – биздин жалпы кенчибиз”, А.Акматалиев, С. Мусаевдин “Эл байлыгы – элге” деген макалалары жарыяланган. “Эл байлыгы – элге” аттуу макалада “Эл адабияты” сериясы 40 томдон басыла тургандыгы жарыяланган. Авторлор жазгандай “кырк томдуктун азырынча макулдашылган болжолдуу тизмеси” берилген. Тизме боюнча 36-39-томдордо “Жөө жомоктор” деген ат менен жарык көрмөк. С.Байходжоевдин сунушу боюнча жомоктордун үч тобу: “Айбандар жөнүндөгү жөө жомоктор”, “Сыйкырдуу же кереметтүү жөө жомоктор”, “Турмуштук жөө жомоктор” басылып чыкмак. Бирок каражаттын жоктугунан “Эл адабиятынын” акыркы он томдугу чыкпай турат. Мүмкүн алар чыгып калганда С. Кайыпов көтөргөн маселелер да жарк дей түшөт беле? Ким билет. Бирок мындай болушуна күмөнүм бар. Эгерде андай кыргыздын жашоосуна, тагдырына байланыштуу жомоктор болгондо С. Кайыпов жаза кетирбейт эле, анткени ал кол жазмалар бөлүмүңдө иштеген да. Демек, чындыгында эле Сулайман Кайыпов тапкан эки улуу жомок бактыбызга жараша Түркия мамлекетинде жашаган биздин боордошторубузда, кандаштарыбызда сакталып калган. Дал ошол томдорго С. Кайыпов таап, жомокчулар Жээнбек Парман уулу Юрдакулдун, Ажы Ибриам Алиппек уулу Асялынын айтуулары боюнча жазып келген “Акылдуу хан” жана “Ар ким өз ТЕГИ менен” аттуу эки улуу жомокту, эгерде жогоруда айтылган томдорго киргизиле элек болсо, сөзсүз кошуу зарыл деп ойлоймун.

Эмесе түз эле улуу жомокко кайрылалы. Ушул жерден урматтуу автор Сулайман Турдуевич, Сизден көптөн-көп кечирим сурайм. Неге десеңиз, Сиз тапкан, бизге – замандаштарыңызга кош колдоп сунган китептеги улуу жомоктун түпкүрүндө алтын чөйчөктөгүдөй уюп жаткан улуттук көрөнгөнү олдоксондук менен чайпап төгүп албас үчүн, ошондой эле акылдуусынып өз чечмелөөмдү кошуп, түпкү нусканы бурмалабас үчүн кагазды үнөмдөп, жомоктон келки-келки үзүндүлөрдү келтирем, башка арга жок: “Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен… бир көк тиреген улуу тоонун этегинде төрт тарабы кыбыла болуп жыргап-куунап жашап турган бир тайпа эл бар экен… Ханы адилет, калкы ынтымак экен… Күндөрдүн биринде жанагы улуу тоонун боорундагы үңкүрдөн бир ажыдаар чыгып келип, … адамдарды бирден тутуп алып, тирүүлөй жута баштаптыр…Ажыдаар болсо, карды тойгон соң, жайбаракат гана сойлогон бойдон үңкүрүнө кирип кетиптир… Ошентип, ажыдаар жыл сайын белгилүү бир маалда үңкүрдөн сойлоп чыгып келип, жаш-кары дебей бир канча адамды жутуп кетип туруптур…

Акыры бир күнү хан аргасы түгөнүп,… оңду-солду ат чаптырып, шоораттуу акылгөйлөрдүн баарын ордого топтоп,… менин силерди ордого чакырганымдын себеби ушул – жанагы киши жегич ажыдаардан кантип кутулуунун жолун көптөп издейли…

Акырында тээ четте үнсүз-сөзсүз отурган бирөө сөз алып:

– Бул шумдугуң кургур ажыдаарга каршы аттанып, аны өлтүрүп кутулалы … дептир.

– Ажыдаардын башын мен кесем, таксыр… жок мен кесем, таксыр – деп, биринен бири өтүп, эрдемсинген жаш жигиттер, уландар күтүрөп батпай кетет экен…

Акыры акылмандар, сынчылар ошол жигиттерди күрөштүрүп, эңиштирип, эр сайышка түшүрүп жатып, эң мыктысын тандап, аны аябай багып, курал-жарак менен жабдып, машыктыра баштаптыр…

Күндөрдүн биринде үңкүрдөгү ажыдаардын жер дүңгүрөткөн коркунучтуу добушу угулат…

Чыдамсыздык менен күтүп турган балбан жигит ач албарстыны бардык күчү менен таамайлап туруп, шилтегенде ажыдаардын алкымын шылып түшүптүр… Өлөр жерден жараланган ажыдаардын зор денеси бир топ жерди кыйратып, жандалбастап барып: – Сен да мендей болуп кал, сен да мендей болуп кал, оңбой кал эле, оңбой кал,-деп адамча кыйкырган бойдон барып,… жан бериптир…

Эрдигине маашыр болгон жигит ого бетер күчөп: – Мен элимди соргон бул ажыдаарды тукум курут кыламын, бул дүйнөдө анын изин да калтырбаймын,-деп, ач кыйкырык салган бойдон үңкүргө чаап кирип кетиптир… баатыр жигит үңкүрдөн кайра чыкпаптыр…

Бирок жыл айланып, баягы маал келгенде мурдагыдан да коркунучтуу бир ажыдаар сойлоп чыгып, мурдагыдан да көбүрөөк адамды оп тартып кетиптир…”.

Ошентип, эл баягыдай экинчи жигитти тандайт экен, ал ажыдаарды өлтүрөт экен. Ажыдаар өлүп баратып адамча сүйлөп: Сен да мендей болуп кал – деп, каргайт экен. Ажыдаарды тукум курут кылам деген жигит дагы үңкүргө чаап кирген боюнча чыкпай калыптыр. Кийинки жылы да баягы маалда коркунучтуу ажыдаар чыгат экен. Муну көргөн Хан өзү ажыдаар менен алпурушуп жатып, амал менен өлтүрөт экен. Ажыдаар өлүп баратып ханды да каргайт экен. Хан дагы үнкүргө кирет экен. Түбүнө жетип барып караса алтын, күмүш, гаухар үйүлүп жаткан имиш. Хан үнкүрдө жаткан өлүү байлыкты элге таратып берейин, ажыдаар соргон адамдардын куну болсун – дептир, сүйүнүп.

“Ошондо үңкүрдүн үстү жагындагы жарык түшкөн жерден бир үн жаңырып:

– Ээй, хан, сен туура жолго түштүң… Сенден мурда келген жигиттер… үңкүр толо алтын, күмүш, гаухарларды көргөндө баарын унутуп, жараткандын амири менен ажыдаарга айланып кетип жатышкан болуучу… Анан кайра чыгып барып, өз элин, өз бир туугандарын соруп, алардын эти, каны менен тамактанбаса тойбой турган болуп калышкан…” (91-бет).

“Сен токпейилдигиң, сабырдуулугуң, ниетиңдин жакшылыгы, билгичтигиң менен өзүңдү да, элиңди да зор апаатан сактап калдың.

Эми тукумуңар көбөйөт, көп эл болосуңар…” – дейт экен (91-92-беттер).

Мына ушундай жомоктон кийин авторубуз, чоң жомокчу Сулайман Турдуевичке бали, ыракмат демекчибиз!

Автордун “бул жомоктун негизги каарманы “ал эмес, бул эмес, өзүн өзү машакатка туш кылып, өзүн өзү түйшүккө салган адамзат; өзү жараткан алааматты өзү жеңиш, өзүн өзү куткарып, баатыр болгон адамзат; акыры-соңунда акыл-ойго баш ийип, мүдөөлөрү орундалган, акыл туусун көкөлөтө көтөргөн, ушунусу менен башка макулуктардан айырмаланып турган, касиеттүү адамзат” (92-93-беттер). Менимче, бул саптарды философиялык мүнөздөгү рационализмдин жоболорун дагы бир ирет ырастаган, “акыл туусун көкөлөтө көтөргөн” касиетт адамзатты даңктаган гимн – деп, айтууга татыктуу.

Экинчи кезекте көркөм-публицистикалык маселелерге кайрылалы. Менимче, китептеги көркөм-публицистикалык ойлорго адамзаттын катарындагы, анын ажырагыс бөлүгү болгон кыргыз адамы, анын тагдыры, анын жери, бараткан жолу жөнүндөгү ойтолгоолор кирет. Бул ойлор, менимче бүгүнкү күндө, Президент болууга аттанып жаткандардын заманында өзгөчө актуалдуу боло баштады. Аалым авторбуз таамай айткандай эл башкарууну көздөгөн ар бир талапкер эстутумунда дайыма сактай турган, эстен такыр чыгарбай турган бир нече талаптар бар. Атап айтканда, алар: биринчиден, “Убаданы эл алдында мол берип, анан эле орундукка көчүгү тийип-тийбей, заматта өзүн шайлаган элди сорчу ажыдаарга айланып кетпөө”, экинчиден, “өзүнүн сезим, туюм, эркине ээ боло алуу”, үчүнчүдөн, “напсин ооздуктай билген көзү ток, акылга сереп” болуу, төртүнчүдөн, “кыргыздын ким экендигин чындап билүү”.

Китептеги дагы бир, өзгөчө бүгүнкү заманда артыкчылыгы, мааниси күндөн-күнгө артып бараткан маселе бул курултай маселеси. Автордун пикиринде “хан талкууга бир маселени коёт, элдин пикири менен анын үч түрлүү чечилиши талкууланат: биринчиси – жерибизди ажыдаарга таштап көчүп кетели; экинчиси – ата-бабанын жерин таштабай, ушул жерде жашай берели да, башка салганды көрөлү; үчүнчүсү – бир баатырды даярдап, ажыдаарды өлтүрөлү” (95-бет).

Бул өзгөчө курч суроолорго жоопту китепти үңүлүп окуган гана адам таба алат. Эгерде аталган маселелерге чындап эле кызыксаңыз түп нускага кайрылууну сунуш этем. Китепте каралган ар кыл маселелердин ичинен эң татаадарынын бири башкаруу маселеси. Автор таамай айткандай “башкаргандар дайыма түбөлүк башкарсак дейт”, ал эми “башкарылгандар дайым эле бир кишинин оозун карап отурбай, башкаларды да көрсөк” дейт. Чындыгында автордун бул байкоолорунун ырастыгын, тууралыгын биздин замандагы республикабыздагы болуп өткөн окуялар, бизди туурап жаткансыган африка өлкөлөрүндө жүрүп жаткан коомдук кыймылдар далилдеп жаткансыйт. Менимче, кептин баары оюндун эрежелерин кыйшайуусуз сактоодо турат. Автор элибиздин кенчин түзгөн жомоктордун ичинен дагы бир өзгөчө жомокту тапкан. Ал жомок “Ар ким өз теги менен” деп аталат (145-151). Бул жомоктун түпкүрүндө зор эскертүү жатат. Сулайман Кайып жазгандай:

“Бул жомок – зор эскертүү: айрыкча кыргыз сындуу аз элге, өзү менен жаттын, алыс менен жакындын, тууган менен душмандын айырмасын анык билип жүрүү керек деген сөз” (152-бет). Автордун пикиринде “кыргыз болуш оңой эмес, ар ким кыргыз боло албайт”. “Кыргыз бойдон” сакталып калуу “башкы шарт” (157-бет).

Дал ушул жерде, биз жогоруда баса белгилеп кеткен дагы бир аалымыбыз Аблабек Асанкановдун эмгегине кайрылууну туура таптык. Неге десеңиз, аталган китепте жан ооруткан мындай саптар бар, аларды бурмалабай так бериш үчүн түп нускада кандай болсо, ошондой берүүнү туура таптым: “Кыргызы Лобнора-Донхотека Шаяра и ряда других мест потеряли свою этническую самоидентификацию, находятся на стадии полной ассимиляции в среде уйгуров, даже можно сказать, что кыргызы в основном ассимилированы и в этническом самосознании произошла полная этническая трансформация” (с. 78).

Дал ушул саптардан кийин Сулайман Кайыптын: “Сен кыргызсың, кыргыздыгыңды бил, кыргыз” деп айткан сөздөрүнүн калетсиздигин моюнга албай койуу эч бир мүмкүн эмес. “Кыргыздар, – автор жазгандай, – адамзаттын рухий казынасына “Манас” баш болгон кайталангыс чыгармаларды, айтылуу Ч. Айтматовду тартуулап азыр болсо, башкаларга өрнөк болчу жол көрсөтчү тарыхый адамдар айтып жаткан өктөм улут… “жөн эле” ишке ашырган ыңкылаптары менен адамзат тарыхынын жаңы барагын ачты. Айтты дээрсиз, алыс-жакын жерлерде маселени кыргыз сындуу койгондордун, кыргыз сындуу чечкендердин саны арбыйт” (119-бет).

Чыгарманын көркөмдүк жагына кайрылганыбызда айтаарыбыз бул. Китеп жакшы стилде жазылган. Болгондо элдик стилде. Китептин илимий аппараты ойдогудай, бүгүнкү замандын талаптарына жооп берет. Атап айтканда: маалыматтар, түшүндүрмөлөр, ысымдар, терминдер, түшүнүктөр жана кыскартуулар.

Албетте мындай өзгөчө курч маселелерге арналган китеп кемчиликтерден да куру эмес. Автордун өзү айткандай китепти “жомоктор…” деп салмак менен баштаганымды бир билем, андан кийин кудай бетин салбай кал,… көбүргөндөн жабырып, ээ-жаа бербей эсти оодарган эмоциянын эпкини менен күүлөнүп жазылгандан айрым ойлор улам кайталана берет. Мисалы кыргыздын тагдыры.

Мындай саптар албетте, жан күйгөндөн жазылган. Ошондуктан авторду эч бир күнөөлөбөйм, себеби мыйзам ченемдүү иш. Мындай кемчиликти автордун өзү да байкаган сыяктанат, антпесе, минтип жазбайт эле да: “Бул эки жомоктун тең тереңинде жаткан ой-бүтүмдү адабий көркөм чыгармага айландыруу – жазуучулардын үлүшүнө таандык иш” (168-бет). Жалпысынан айтканда автор тилеген максатына жеткен. Профессор Сулайман Кайыповдун жаңы эмгеги китеп жандууларды эч бир кайдыгер калтырбасына ишенем. Ал гана эмес, профессор С. Кайыповдун “Жок жерден жомок жаралбайт” аттуу эмгегин президенттик талапкерлердин кыргыз тили боюнча жүргүзүлүүчү сынактын суроолоруна киргизүүнү сунуштайм.

Ар бир президент болом деген адам милдеттүү түрдө аталган эмгекти билиши керек деп ойлойм. Ошондуктан С. Кайыповдун эмгеги сынак берүүчүлөрдөн талап кылына турган адабияттардын негизги тизмесинен орун алышы керек, – деп билем.

Ал гана түгүл С. Кайыповдун сөз болуп жаткан китеби келечек президенттердин иш үстөлүндө конституциядай, курандай дайыма туруучу китеп болушу керек.

Автор: академик Аскар Какеев

Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *