Келиндин баяны. Бул үйдө мага караганда эшиктеги ит менен мышык барктуу

    Мезгил

Саламатсыздарбы!  Сиздердин кеңешиңиздерге муктажмын.  Анда сөз башынан болсун.  Мен турмушка чыгып, эл катары жолдошум менен жашап жатканыма жети жыл болот.  Кайын энем менен тил табыша албай койдум.  Канча жолу аракет кылып жагынсамда, болбоду күнүгө чыр айтор окшош күндөр. Ал го мейли деңиздерчи эң башкы айтайын дегеним балалуу боло албай жатабыз. Барбаган жерим калган жок. 2019-жылы ноябрь айында Бишкекке келип көрүнүп, дарыгерлердин чыгырган жыйынтыктарын угуп келдик. 

Суук тийген жана не проходимость труб дешти. Күйөмдү баласыз байлабай эле коё берсемби, кетип калып жок болсомбу, айтып сүйлөшүп анан коё берейин десем болбойт. Өзүм чет өлкөгө кетип калсамбы деп ойлоп жатам. Себеби апасы (кайын энем) бизге жашоо берчүүдөй эмес. Анысы аз келгенсип, балам жок бул үйгө киммин деген суроо тынчтык бербей келет.  Бул үйгө мага караганда эшиктин алдындагы ит менен мышык барктуу деп өзүмдү жаман сезем! Кетип калсам күйөөм үйлөнөт эле.  Күйөөм аябай жакшы адам бактылуу болууга татыктуу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *