Керимбеков: Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясынын жылдызы өчкөнүн билген соң, ал кемеден секирүүгө мажбур болду

   Мезгил

ЖКнын II чакырылышынын депутаты Бакыт Керимбеков  Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясынын келечегине ишенбеген үчүн партиядан чыкты деп эсептейт. Анын айтымында Шыкмаматов дасыккан саясатчы катары алысты көрө билди.

“Шыкмаматов буга чейин эле билинген тажыйырбалуу саясатчы катары, “Ата Мекен” партиясынын жылдызы өчкөндүгүн билген соң, ал кемеден секирүүгө мажбур болду- деди Керимбеков. 

Эске салсак, буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал мандатын тапшыруу тууралуу арызын 26-декабрда жазган. Ал Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам «Ата Мекен» фракциясынын лидери кызматынан кеткенин жана мандатын тапшыруу тууралуу арыз бергенин билдирген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *