“Керкисинен да, кемтигинен да табылды”

Мезгил

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (каржы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жана анын жакындарына таандык мүлк аныкталганын билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө, Жумалиевдин мүлкү боюнча Баш прокуратура каттаган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк табылган. Анда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал түзүүчү, жетекчи болуп саналаары, анын жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталып, сотко чейинки териштирүү уланып жатканы кабарланды. Каржы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүүсүн баштаган.

Ал эми экинчи жээктеги Кубанычбек Жумалиевге карата ач айкырык салып чыккан эти «Чоң казат» кыймылыныкы болсо, сөөгү прокурор болгон Сыймык Жапыкеевдин эл өкүлү тууралуу Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталганын ИИМ расмий жарыялады. Мекеменин маалыматында: “Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу”) боюнча кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган. Ушул күндөрү баш калаадагы Ленин райондук сотунда Жумалиевдин “ар-намыска шек келтирүү” деген негизде Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылган арызы каралып жатат.

Ал эми Жумалиев “мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам” деп Куран кармаганга чейин барып, актанган.

Жогорудагы эки иштен соң кыргыздын “окшошконго мушташкан” – деген кебинин ажары эми чындап чыкканына бир эсе күлкүң келет. Айтор, алдыңкы күндөрү бул экөөнүн “концерттерине” карк болоор кез алдыда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *