Кесибин сүйгөн дарыгер

   Мезгил

    “Дарыгерлик кесип-бул эрдик. Ал кайтармандуулуктун, рухтун жана ниеттин тазалыгын талап кылат ” -деп улуу орус жазуучусу А.П. Чехов айткандай дарыгерлик адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү  эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип экенине дагы бир жолу ынандым.    Бул сөз менен эмнени айткым келди. Ушул -ардактуу кесип ээси Ош облусунун  Кара -Суу районуна караштуу Отуз -Адыр айыл аймагынын Кара -Дөбө  ФАП нын зав. фельдшери Нурдинова Айчүрөк  Пазыловна болмокчу. Айчүрөк эже өз кесибин сүйгөн бейтаптарга кийип турган аппапак халатындай  жылуу мээримин төгүп, иш алып баргандыгын көрсөтө алды.

 Анткени үй-бүлөм менен Өзгөндөн Ош шаарына жол тартып бара жаткан учурда, капыстан эле кызым катуу сыркоолоп, биринчи медициналык жардамга муктаж болуп калды. Ошол учурда Кудайдын колдоосу болдубу же тагдырдын жазганы болдубу, айтор,  жумуш  күнү эмес экендигине карабастан, жогорудагы аты аталган ФАПта Айчүрөк Пазыловна жумуш ордунда  отуруптур. Эже биз кирген убакта  ордунан туруп, сылык мамилеси менен кабыл алып кызыма эң чоң алгачкы медициналык жардамын көрсөтүп, кызымдын ден соолугуна зор салымын кошту.

 

Бул менен эмнени айткым келди, азыркы убакта, адам өмүрүн “акча” менен чектеп калган сыяктуу көрүп калышкан. Бирок, ФАПтын жетекчиси фельдшер Нурдинова Айчүрөк Пазыловна өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, професаналдык кесипкөйлүгү менен адал  мээнет тапкан, дарыгер экендигин көрсөтө  алды.

Бар өмүрүн адамзатка арнаган, касиеттүү кесибин тандаган өмүр сакчысына ыракматымды сиздердин сайт аркылуу айтууну туура көрдүм. Урматтуу Айчүрөк Пазыловна, бейтаптардын алкоосуна арзып, маанилүү жана жооптуу ишинизге ийгиликтерди каалайм! Сизди урматтаган жана терең ыраазычылык билдирген Өзгөн районун  тургуну

Автор: САТЫБАЛДЫЕВ РАВШАНБЕК!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *