Кезектеги шоу. Бүгүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө концерт болот

   Мезгил

Бүгүн, 3-августа экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу Атамбаевдин тарапташы Адиль Турдукулов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык,  концерт  кечки саат 18.30 да болмокчу.

Белгилей кетсек, мындай концерт бир айга жакын убакыттан бери ар бир алтынчы күн сайын Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болууда. Анда эстрада ырчылары барып ырдшат. Интернет колдонуучулар Атамбаевдин үйүнө барып ырдаган ырчыларга  карата  сындарды айтышууда.

 Эске салсак,  Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевге  Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары 3 ирет чакыруу жөнөткөн.

Бирок, ал суракка барбай тургандыгын айткан.

Булак: Мезги ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *