Кийинки жумада коронавируска карата үймө-үй текшерүү жүрөт

Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде,  биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Кубатбек Боронов  кийинки жумада коронавируска карата үймө-үй текшерүү жүрөөрүн айтты.

Ал кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш алып барылаарын кошумчалады.

Ал үчүн бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр, бардык жерде текшерүүлөр  жүргүзүлөт. Өзгөчө жаңы конуштарга жана эл жыш жайгашкан жерлерге көңүл бөлүнөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *