Кийинки жылдан тарта бажы түйүндөрүнүн иши автоматташтырылат

Мезгил

Кийинки жылы бажы түйүндөрүнүн иши автоматташтырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку кеңештин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

  Анын айтымында, бажы кызматында адам факторун  жокко чыгаруу максатында санариптештирүү жүргүзүлөт.

Бул үчүн түйүндөр заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалып, 470 видео камера орнотулду.

Белгилеп кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда эн коррупциялашкан ведомство бажы кызматы болуп саналат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *