Килемди кантип жазалашаар экен. Путин хоккей ойноп бүткөн соң кулап түштү (видео)

Мезгил

   Кечээ, 10-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде Түнкү хоккей лигасынын гала-оюнуна катышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.  

 Маалымдалгандай,  Путин бул оюнда 11-номерде ойноп 10 шайба киргизгенге жетишти. Натыйжада командасын жеңишке алып келди. Жалпы эсеп 14:7 болду.  

 Беттеш аяктаган соң, президент колдоочуларга кол чаап бара жатып, музга төшөлгөн кызыл килемди көрбөй калып, чалынып кулап түшкөн. Командасы аны кармап калганга аракет кылганы менен бирок жетишпей калышкан. Алар дароо келип Путинди тургузушканын видеодон көрүүгө болот. 

 Бул окуя интернетте кызуу талкууга алынып, 2 миллионго жакын киши видеону көргөн.   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *