Ким калп айтат: Раиса Атамбаева менен Өмүрбек Текебаевдин “чындыгы”

Мезгил

Раиса Атамбаева күйөөсү Алмазбек Атамбаев  менен жолуктурууну суранды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу  Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында арыз УКМКга берилип, учурда каралып жатат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык. Бул боюнча нааразычылыгы жок.

-Алмазбек Атамбаев болгону мыйзамсыздыкка кабатыр. Кармоо шарттарына карата эч кандай нааразы эмес. Бүгүн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышуунун акыркы күнү. Бирок, биз азыр 27 томдон болгону онун гана окуп бүттүк. УКМК койгон график биздин укугубузду чектеп жатат- деди Слесарев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын айтымында ага да кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ал өзү 16-августта УКМКнын алдында, Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирген.  Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айткан.

-Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат таза эмес иш экенин билчүмүн. Ошондуктан аралашпоого аракет кылчумун. Мен ал тургай соттордун имараты кайда экенин да билбейм. Бир да судьяны тааныбайм. Ошондуктан бийликтин айткандары чындыктан алыс болуп жатат -деген Раиса Атамбаева.

Ал эми «Ата-Мекен» партиясынын лидери Текебаев абактан чыккан соң өзүнүн туулуп өскөн айылында  эл менен жолугушуп жатып, Раиса Атамбаева анын соттук ишине кийлигишкенин айтты.

Анын айтымында Раиса Атамбаева ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин талабын Айгүл Текебаева аркылуу билдирген.

-Айгүл ар бир жолугушууда менден президенттин аялы менен сүйлөшүүгө уруксат сурап жатты. Ал тойлордун биринде чогуу отурганбыз, аны тааныйм деди. Акыры мен ага макул болдум. Атамбаевдин аялы ошондо мен күнөөнү мойнума алышым керек экенин, ошондо гана мен айып пул менен кутула турганымды билдириптир. Ушундай эле сунуш мага адвокаттан да келип түшкөн. Бирок, мен жасабаган кылмышты мойнума ала алган жокмун-деди Өмүрбек Текебаев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *