Кимди кандай жаза күтөт: Жогорку сот кылым кылмышына айыпталгандарга баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды

Мезгил

Жогорку сот Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкек шаардык сотунун Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Ольга Лавровага карата 23-мартта чыгарган чечиминин материалдык зыянды өндүрүү боюнча бөлүгү өзгөртүлгөнүн билдиришти.

Жогорку соттун бүтүмүнө ылайык, “соттолуучулардан финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү” деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Ал эми өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылган. Тагыраагы, прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

23-мартта шаардык сот Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн бир аз өзгөртүп, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтүн бир жылга кыскартып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкүн камоодон чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Райондук сот чыгарган өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүлгөн эмес.

2019-жылдын декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, буга да ыраазы болбой мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул иштердин аки-чүкүсүн териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Эски бийликтин жасоолдору бул иштерде кадимки кычкачты 600 долларга чейин баасын көтөрүшүп, көз будамайлоого барышканы кашкайган далилдер менен белгиленген. Ошентип, кылым кылмышынын күнөөкөрлөрүнүн абийирин Жогорку Сот да бекемдеп, акыркы чекитти коюп берди.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *