Клара Сооронкулова: Буга чейин өкүм чыккан бардык иштер кайра каралат

Мезгил

Соттолуучулардын арыздарынын негизинде буга чейин өкүм чыккан бардык иштер кайра каралат. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Сооронкулованын айтымында, жаңы кодексте мурда берилген жаза чаралары менен жаза мөөнөттөрү соттолуучунун абалын жеңилдетүү тартибинде кайрадан каралып чыгат.

-Азыр эми соттолуучулардын арыздарынын негизинде буга чейин өкүм чыккан бардык иштер кайра каралат. Бул жерде ишти кайра кароого негиз болгон жаңы жагдай – Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процессуалдык кодексинин күчүнө кириши.

 

Ошондой эле  мындай жеңилдиктер өмүр бою эркинен ажыратылгандардын да баарына колдонулат. Мыйзамда ишти кайра жаңы жагдай менен кароо соттолуучунун абалын жеңилдеткен жаза менен байланыштуу болуп, айрымдары жазадан бошотулса, кээ бирөөлөрүнүн жаза мөөнөттөрү кыскартыла турганы көрсөтүлгөн.

 

Мисалы, жаңы Кылмыш-жаза кодексинде «Коррупция» беренесинин жазасы жеңилдетилген. Ошого карата иш кайра каралып, сот жаза мөөнөтүн кыскартуу маселесин карашы керек болот-деди Клара Сооронкулова

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *