Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ун менен камсыздоо ишин улантууда

  Мезгил

Өкмөттүн  тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 10-апрелине карата Өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан биринчи сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда. 

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна ун бөлүнсө, анын ичинен өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат районуна 401,85 тонна, 140 тонна Кара-Суу районуна берилди. Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, анын 456,25 тоннасы Сузак районуна бөлүндү. Баткен облусу – 117,2 тонна;  Ысык-Көл – 267,6 тонна; Нарын – 186,5; Чүй – 136,4 тонна ун бөлүндү. 

  Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бөлгөн ундун 130 тоннасы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарына, ал эми Бишкекке 320 тонна, Жалал-Абад шаарына 33,1 тонна ун берилди.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *