Өкмөт башчы: Ошол башы менен жооп берсин. Бар кылат же, жок кылат

    Мезгил

   Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев   “ар бир долбоорго бирден аткаминерлерди байлайлы деп жатабыз.  Ошол башы менен жооп берсин. Бар кылат же жок кылат” деди. Ал бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин  Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору  (МЖӨ) боюнча канча? Биз саламаттыкты сактоо министрин эле билебиз. Ушул министрлик гана мыйзамдын алкагында иштейт. Башка кайсы министрлик кандай жумушту алып барат. Толук айкын алып бара албай жатабыз ушуга көңүл буруп койсоңуз” деп  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге  кайрылды.

 -Быйыл ар бир облуска бештен  Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жасайбыз (МЖӨ). Мындан тышкары биз айтып жаткан кабель чыгаруу, трансформатор чыгарууга  да колдонолу  деп жатабыз. Эң башкысы аэропортко. Аэропортто азыр Азия банкы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын астындагы эл аралык финансы компаниясы бар, ошолор менен бир жыйынтыкка келип жатабыз алар кандай жыйынтык чыгарышат, ушул  Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн формасын чыгарат го деп ойлоп жатам. 2020-жылы аэропортту чечишибиз керек. Анан ал жерде авиакомпания түзүү бизде өзүбүздө самолёт жок көрүп жатасыз.  Ош, Жалал-Абадка учуп жатканда кандай мүчүлүштүктөр болуп жатат. Ушулардын баарын тең ушуга алып келишибиз керек.  Ошол эле  санаториялар  мисалы “Аврора”,  “Кыргызское взморье” дегендер 9 млн сом берет. Өткөндө бирөө келиптир, мага берсеңеор ошону 50, 60- млнго чыгарайын деп. Авроранын өзүнүн турганы эле 50 млн долларлык долбоор.   Ал жерден эгерде  МЖӨнү колдонсок салык  түрүндө эле көп нерсени алсак болот. Азыр эми тажрыйбадан келип атабыз, ар бир долбоорго бирден аткаминерлерди байлайлы деп жатабыз. Ошол башы менен жооп берсин. Бар кылат же, жок кылат. Жок болсо өзү кошо жок болот, бар болсо өзү кошо иштейт-дейт премьер-министр.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *