Өкмөт башчылар Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында 15 маселени талкуулашты

Мезгил

Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын премьер-министрлери катышты.

Жыйында Өкмөт башчылар уюмга кирген өлкөлөрдүн бюджети арасында бөлүштүрүү, бажы төлөмдөрдү каттоо, маалыматтык кызматташтык, уу калдыктарды текшерүү, айыл чарба жана өндүрүш тармактарында кызматташуу маселелери талкууланып, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Тактап айтсак, жалпы 15 маселе каралып, анын ичинен алкоголдук базарды жөнгө салуу тармагына өзгөчө көңүл бурулду.

Эске салсак, уюмдун кийинки отуруму ушул жылдын 25 – октябрында Москвада өтмөй болду.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *