Өкмөт дагы 500-1000 даана концентратор сатып алат

  Мезгил

Өкмөт тарабынан дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу иштери уланууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты. 

Белгиленгендей, республикага дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды ташуу боюнча бир катар өлкөлөр менен келишимдерди түзүү маселелери иштелип жатат. 

«Өлкөгө жакында 200 кычкылтек концентраторунан турган партия келди. Дагы 500-1000 даана концентратор сатып алынат. Жакынкы мезгилде гуманитардык жардам катарында 400 концентратор келет. Концентраторлор жана дары-дармектер аймактар ортосунда бөлүштүрүлөт. Алар мүмкүн болушунча айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарга жеткирилет. Тармактык мамлекеттик органдар мамлекеттик ташуулар багытында  дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздоо, ошондой эле шаарлардын жана облустардын дарыканаларды камсыз кылуу үчүн фармацевтикалык компанияларга шарттарды түзүү боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл. Өлкөнүн бардык аймактары тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалат», – деди өкмөт башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *