Өкмөт: Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн көмөктөр көрсөтүлөт

    Мезгил

Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында  биринчи вице-премьер-министр  Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш. 

«Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл», – деди Кубатбек Боронов. 

Ал тийиштүү кызматтар көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр гана эмес, чет жакалардагы жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы тийиш. Жыш отурукташкан райондорго өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *