Өкмөт иске ууланган жаш балдардын үй бүлөсүнө жардам көрсөтөт

Мезгил

  Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүндөгү балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы билдирди. 

Өрттөн улам үй-бүлө жашаган турак-жай толугу менен күйүп кеткен, натыйжада, 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч бала ууланган. Учурда балдар Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жатат (№3 балдар ооруканасы).

Вице-премьер-министр балдардын абалынан кабар алып, Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө колдоо берүүчү жылуу сөздөрүн билдирди. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт тараптан материалдык көмөк көрсөтүлүп, ошондой эле балдарга жөлөкпул алууга көмөк көрсөтүлөт.

Шаардык №3 балдар ооруканасынын жетекчилиги вице-премьер-министрге бардык тийиштүү дармектердин бар экендиги тууралуу маалымат берди. Алтынай Өмүрбекова балдарды күнү-түнү тийиштүү медициналык кароого алуу зарылдыгы тууралуу тапшырмасын берди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *