Өкмөт карантин учурунда Бишкекке кирүүдөгү уруксаат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө берди

  Мезгил

Республикалык ыкчам штаб карантин жана өзгөчө кырдаал режими иштеп турган учурда Бишкек шаарына кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксаат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө берди.

Учурда экономикалык ишмердүүлүк түрүнө уруксаат берилбеген, карантин учурунда негиздүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандардын үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болууга тийиш. Шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, аптекадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелээрин жана жарандарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер жана маршруттук баракча болуусу керектигин эскертебиз.

Ишмердүүлүгү экономикалык ишмердүүлүккө уруксаат берилген тармактардын тизимине туура келген жарандар уюм катталган орду боюнча МСК райондук башкармалыгынын, же райондук акимиаттын мөөрү менен тастыкталган, иштеген жеринен маалымдамасы болуусу керек (контактыларды кыскартуу максатында документтер боюнча уюмдардын жетекчилерине, же башкы бухгалтерлерине кайрылуу зарыл).

Ал эми жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу керек.

13-майга чейин ишмердүүлүккө уруксаат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу тийиш.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *