Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалыматты эртең бермей болду

Мезгил

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалыматты эртең бермей болду. Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени эртең, 19-сентябрда кароону сунуштады.

Анын айтымында, вице премьер-министр Жеңиш Разаков учурда тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканындыктан бул боюнча эртең толуктап маалымат берүүсүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирген. 

 “Өкмөт башчы түштөн кийин бошоп калат экен. Толук маалыматты эртең алсак туура болот”, – деди төрага. 

Бул сунушту 61 депутат колдоп, бул маселе эртең каралмай болду.

Кыргыз-Тажик чек арасында 16-сентябрда орун алган чыр боюнча маселе парламентте бүгүн саат 14:00дө каралмак.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *