Өкмөт: Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет

 Мезгил

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңештин бүгүнкү  жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. 

«Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышка башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *