Өкмөт Кытайдан келген эт азыктарына чектөө киргизди

  Мезгил

Кыргызстан Кытайдан келген  эт азыктарына чектөө киргизди. Бул тууралуу  өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой,  Кытайдын «Хенань» провинциясынан 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келинген. Ветеринардык текшерүүдөн кийин сатууга уруксат берилген.

«Хенань» провинциясы оору катталган «Хубэй» провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Өкмөт Кытайдан алып келинген эт боюнча социалдык тармакта туура эмес кабарларды ким таратып жаткандыгын аныктоо үчүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине кат жөнөттү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *