Өкмөт мугалимдердин айлыгы көтөрүлөөрүн айтты. Министрлик кандай негизде айлык кошулаарын айтып берди

  Мезгил

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүүлөрүн айтты. Мугалимдер үчүн мындай жагымдуу кабар кандай негизде, кандай категориялар боюнча айлык маяна көтөрүлөөрүн Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жооп берди.  

–Август айындагы   кеңешменин алкагында жакшы жаңылык болду. Өкмөт башчы бул жыйында 1- октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйөт деген  жагымдуу маанилүү жаңылыгын айтып кетти. Бүгүнкү күндө тиешелүү өкмөттүн чечими иштелип чыгып, баардык мамлекеттик органдарга толук макулдашууларга жөнөтүлгөн. Жакынкы арада тиешелүү чечим кабыл алынат деп ойлом. Мектептеги билим берүүнүн гана эмес, 120 билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул негизинен жогорку окуу жайлар жана илимий чөйрөдөн тышкары баардык жалпысынан 120 билим берүү системасынын кызматкерлери кирет. Анын ичинен жалпысынан билим берүү системасына 2019-жылына 29 млрд сом каралган. Анын ичинен 75 пайызы ошол мугалимдердин   айлык маянасы түзөт.  Белгилеп кетсем, 77860 бул мектептердин мугалими, 7690  мектепке чейинки билим берүү кызматкерлери, 3680 бул баштапкы техникалык окуу жайлардын окутуучулары ал эми 7427 бул орто кесиптик оку жайлардын кызматкерлери жана 23 миң бул жерде ар кандай биздин кызматкерлерибиз бухгалтерия, каржы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ошондой эле методистер. Ар бир райондо, райондук билим берүү бөлүмүндөрү ачылган. Ошондуктан бир топ бир нече категорияга айлык маяна көтөрүлөт.

Ал эми башталгыч классатрды окуткан мугалимдердин  айлыгын абдан эле аз деген боюнча министрлик мындай дейт.

–Негизинен мугалимдердин айлык маянасы үч бөлүктөн турат.1)  Базалык. Окуткан сааты боюнча  2) Алыскы тоолуу райондордо иштеп жаткан эмгек  тажрыйбасына караштуу бир топ факторлор бар.  3) Стимулдаштыруу. Стимул берүүчү фактор деп коебуз толук айлык фондунун 10 пайызы болот.     3 айда бир жолу комиссия түзүлүп кандай натыйжада иштеп жаткандыгы боюнча бөлүштүрүлөт.

 Башталгыч класстардын мугалимдерине 2015-жылы өкмөттүн чечими менен алардын айлыктары көбөйтүлгөн. Негизги принцип айлык маяна түзүлүп жатканда бул берген саатына жараша болот. Канча саат болсо ошончо айлык каралат.      

Пенсияга чыккан мугалимдердин айлыгы кошулабы?

Бул өзүнчө карала турган маселе. Азыр айта албайм. Ал үчүн соц фонд менен  биргеликте карап чыгышыбыз керек. Эгерде пенсиядагы мугалим иштеп жаткан болсо айырмасы жок ага деле кошула берет-дейт министр Гүлмира Кудайбердиева.

Белгилей  кетсек, акыркы жолу 2011-жылы жана 2015-жылы көтөрүлгөн.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев октябрь айынна тарта мугалимдердин айлыгы көтөрулө тургандыгын убадалады.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *