Өкмөт насыя алгандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды

    Мезгил

  Өкмөт финансы-насыя уюмдарынан насыя алгандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды.

 Маалымдалгандай,  быйылкы жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар үч айдын – быйылкы жылдын декабры жана келерки жылдын январь, февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат.

Эгер ал адамдын башка да финансы-насыя уюмунан алган насыясы бар болсо, ал бирөөнү гана тандашы керек болот.

Мындай жеңилдик кредиттик союздан, лизинг компаниясынан жана ломбарддан карыз алгандарга берилбейт.

13-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон токтомго ылайык Финансы министрлигине парламенттин тийиштүү комитети менен макулдашып, бюджеттен 1 миллиард 253 миллион 216 миң сом караштыруу тууралуу тапшырма берилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *