Өкмөт ундун баасы кымбаттады дегенди чындыкка коошпой тургандыгын айтты

   Мезгил

Өкмөт Кыргызстанда ун эки эсе кымбаттаганын четке какты.  

 Маалыматка ылайык,  бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18 пайызга жогорулады. Ал эми 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17 сом 70 тыйындан  20 сом  30 тыйынга кымбаттады. 

Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңеш депутаттары өлкөдө ундун баасы 50 сомго жеткенин жана  өкмөт негизсиз кымбаттоону көзөмөлгө алышы керектигин айтышкан.   Бирок, өкмөт депутаттардын  айткандарына  макул эмес.

Ал эми Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү болсо Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгондуктан баа өскөнүн айтышууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *