Өкмөттүн уран казууга тыюу салган мыйзамга карата саботажы

   Мезгил

    Депутат Алмамбет Шыкмаматов уранды казууга тыюу салган мыйзамга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьер-министр Кубатбек Боронов саботаж (атайлап аткарбоо, тоскоолдук) жасап жаткандыгы тууралуу айтып чыкты.

Эске сала кетчү нерсе 2019-жылы жазында Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Таш-Булак кенинен уранды казып алуу боюнча иликтөө иштери жанданган учурда жергиликтүү эл наразылык билдирип чыккан. Кийин белгилүү болгондой уран казууга кызыкдар компания 2010-жылы эле лицензия алып койгондугу дайын болгон. Ушул жылдын апрель айында жарандык активисттер каршылык акцияларын уюштурушкан. Ал эми 22-апрелде өкмөт башчы Абылгазиев Кызыл-Омполдогу уран казуу иштерине байланыштуу иштерди токтотуп, ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов лицензия чакыртылып алынгандыгы тууралуу билдирген. Май айындагы жарандардын каршылык митингдеринен соң уранды иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алынган.

Шыкмаматовдун айтымында ушул жылдын жайында эле уран жана торийди Кыргызстандын аймагында иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорунун биринчи окулушу болгон. Анда “Абылгазиев менен Боронов макул болушкан. Арадан 4 ай өтүп, өкмөт өз чечимин бербей, мыйзамга карата саботаж жасап келет” – деп билдирди Шыкмаматов. Ошондой эле депутат өкмөттү уран каза турган компаниянын кызыкчылыгын сүрөп жаткандыгы боюнча айыптады.

Бул жерде Шыкмаматов туура маселе көтөрүп жатат. Уранды иштетүү биздин өлкөгө жарытылуу пайда алып келбестиги тууралуу экономисттер жазындагы наразылык толкундары болгон учурда айтып чыгышкан. Анткени уранды иштетип, энергия ала турган реакторлор бизде жок. Башкача айтканда уран өндүргөнүбүз менен аны сыртка сатууга туура келет. Андан канча пайда таба аларыбыз күмөн. Ал эми уран өндүрүшүнүн өзү экологиялык жактан канча зыян алып келери тууралуу элибиздин жакшы эле маалыматы бар. Анан да бизде уран запасыбыз боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турбаган соң, аз гана уранды өндүрөбүз деп көп зыян тартуунун зарылчылыгы жок деген далилдүү пикирлер айтылган. Ошодуктан уран өндүрүшүнө тыюу салган мыйзам колдоого аларлык көрүнүш.

Ал эми Шыкмаматов тарабынан жарга такалган өкмөт жеткечилери эми эмне деген жообун узатар экен? Өкмөттүн ишинин көптүгүнө шылтап, кечиксе да чеимди ЖКга алып барабы? Же кар жаады, из басылды, уранга каршы чыккандардын митинги өтүп кетти, эми эптеп депутаттардын эбин таап уран казууга берилип кеткен компаниянын кызыкчылыгын коргоп берсем дегени турабы? Өкмөттүн позициясынын ак, же көк экендигин жакында көрүп жатарбыз?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *