ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ болушу керек

   Мезгил

Бул тууралуу бүгүн, 6-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар белгилешти. Алсак, парламентте Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттери тууралуу Өкмөттүн маалыматын угулууда.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Баткен облусунда төрт үй жабыркаса алардын  бирөөсү гана камсыздандырылганын айтып: “Ошондуктан Өкмөттүн жооптуу адистери барып үймө үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”,– деди.

Ал эми депутат Аалы Карашев Баткен облусу сыяктуу эле Өзгөн районундагы айылдарды дагы кылдат көзөмөлгө алып планга киргизип коюу сунушун берди. Себеби, депутаттын пикиринде аталган райондо дагы жаз айында көп учурда сел жүрөт.

Мындан тышкары, ӨКМ үчүн бюджеттен жылына бөлүнгөн 100 млн сом кантип сарпталып жатканына эл өкүлү Акылбек Жапаров кызыкты. Министр Замирбек Аскаров ал каражат иштетиле электигин, 47 млн сом бөлүп берүү үчүн кат менен кайрылганын билдирди. Эл өкүлү Акылбек Жапаров ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ боло албаганын сынга алып, тез арада буйрукту өзгөртүү зарыл деп белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *