Кой-Таш 2-күн: Атамбаевди колго түшүрүү боюнча атайын операцияда 52 адам медиктерге кайрылды

   Мезгил

Кой-Таштагы башаламандыктардан жабыркагандардан 20 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринен билдиришти. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү боюнча атайын операциянын экинчи күнүндө  52 адам медиктерге кайрылды.

Алардан 10 адам   ооруканага жактырылган. Ушуну менен бүгүнкү күндө стационардык дарыланууда 20 адам калууда.  Жалпысынан Кой-Таштагы 2 күндүк тирешүүдө 130га жакын адам медиктерге кайрылган. 1 жоокер каза тапты.

Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын операция менен кармоо болуп, бирок мындан натыйжа чыккан эмес. Ал эми бул операция эртеси 8-августта да уланып, акырында Атамбаев өзү колго түшүп бергенге мажбур болгон. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *