Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү кийинки жылга калтырылды

   Мезгил

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 11-январына чейин узартты.

  Белгилей кетсек, Кой-Таш окуялары боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Аларга Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен айып коюлган.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *