Кой-Таш окуясы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартыш керекпи?

Мезгил

Курсан Асанов кыргыз милициясына мыкты кызмат кылган адам. Анын кызматтан алынышы жана акыркы кадамдары боюнча так кесе айтуу азырынча эрте. Курсан Асановдун элибизге кылган кызматы зор. 2010-жылы коогалаңда да эмгеги ат көтөргүс, милиция кызматкерлеринин арасында да кадыр-барктуу. Бул туурасында ИИМдин мурдагы биринчи орун басары Өмүрбек Эгембердиев пикирин билдирди.

– Курсан чындыгында эл үчүн күйгөн адам. Ошондуктан, бир күндүн ичинде “саткын” деп айтууга тил да барбайт. Негизи кандай окуя болбосун министр жооп берет. Министрдин орун басары туура эмес кадамдарга барып жатса, министр токтотушу керек болчу. Курсан мен билгенден министрге баш ийип эле жүрчү. Бул жерде көп суроолор бар, маселени тереңден кароо зарыл. Жеке пикиримде Курсан Асановду күнөөлөп коюу эрте – деди Эгембердиев. 

Мындан сыркары укук коргоо органдарынын, бийликтин алсыздыгын көрсөтүп коюшту. Бул кырдаалга жеткирбеш керетигин кошумчалады ИИМдин мурдагы биринчи орун басары.

– Атамбаевдин кандай коргоноорун көрүп-билип турушту, кандай чагымчылдыктарды жасары Атамбаев өзү айтып жатты. Мындай кырдаалга жеткирбей, аны эчак кармап койгонго кудуреттери жетмек.

Укук коргоо органдары бул ишти терең талдабаганынан келип чыкты. Бул окуя адам өмүрүн алды, жүздөгөн адамдар жабыркады. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартыш керек. Болбосо иш аягына чейин чыкпай, жоопкерчиликти эч ким албай калат. Кийин да жоопкерчиликти албаганга калыптанып калабыз – дейт Өмүрбек Эгембердиев.

Ошондой эле Курсан Асанов көп жылдан бери кызмат кылып жүргөн генерал. Атамбаев колго түшүп бергенден кийин ал жердеги куралдарды кандайча өзү кармап санап жатканын билбей турам, мүмкүн шашып кеткендир деген пикирин УКМКнын мурунку төрагасы Марат Иманкулов билдирди.

– Ал шектүү куралдар, ал жерде манжалардын изи бар, анын баары экспертизадан өткөрүлүүчү куралдар. Муну тергөөчүлөргө өткөрүп бериши керек эле. Ал эми кылмышкерлерди, же терорристерди кармоодо да сүйлөшүүчү адам ар кандай далилдерди келтирет, алдайт, катуу айтат негизгиси куралсыз, каршылык көрсөтпөстөн колго түшүрүүгө аракет жасалат. Бул колго түшүрүүнүн искусствосу. “Сүйлөшүүнү министр же министрдин орун басары жүргүзөт” деп эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Мисалы терроризм менен күрөшүүдө сүйлөшүүчү адам атайын даярдалат, ал жөнөкөй кызматкер да болушу мүмкүн – деди Иманкулов.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *