Кой-Таш окуясы: Кодураңова менен Мискенбаевге айып угузулду

Мезгил

Биринчи Май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодураңова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага, жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге бир нече берене боюнча оор айыптар тагылды. Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат. Прокурорлор айыптоо актысы менен тааныштырууну 15-июндагы сот отурумунда баштаган.

Кийинки кезектеги соттук териштирүү 29-июнга белгиленди.

Буга чейин өзүнө коюлган айыптоону Кундуз Жолдубаева «абсурд» деп атаган. Ал эми Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин билдирүүсүн тараткан. Анда Сагымбаев өзүнө 11 берене менен айып коюлуп жатканын айткан. Бийлик «тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың» деп сунуштап жатканын, бирок, Атамбаевди сатпай турганын билдирген.

Парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы аркылуу билдирүү таратты.

“Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары Интернет булактарында айдан ачык эле турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок, силер мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон бардык беренелерди коюпсуңар” – деген Мискенбаев Атамбаевди сатпаганы үчүн абакта отурганын айткан.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи Май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге оор айыптар тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *